Казакстан-Орусия: Өз ара соода алмашуу жана кызматташтык

Казакстан-Орусия: Өз ара соода алмашуу жана кызматташтык

Казакстан менен Орусиянын соода жүгүртүүсү былтыр 24,5 миллиард долларга жетти. 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгында өз ара соода жүгүртүү 5%га өскөн. Бул тууралуу өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев мамлекеттердин аймактар ​​аралык кызматташтык форумунун жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Казакстанга салган инвестициясы да таасирдүү көрсөткүчтөрдү көрсөткөн. Тактап айтканда, 2021-жылы үчтөн бирге өсүп, 1,9 миллиард доллардан ашты. Ошол эле учурда Казакстандан Орусияга келген инвестиция дагы ушундай суммага өсүп, 535 миллион долларга жетти. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө өлкөдө Орусиянын катышуусу менен 17 миңден ашык компания жана казак-орус биргелешкен ишканалары ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи. Ал эми Казакстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыктын алкагында жалпы суммасы 23 миллиард долларга, 110 биргелешкен долбоор ишке ашырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков