Тиешелүү протоколго өткөн аптада Шымкентте Казакстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери кол коюшкан. Жаңы борбор «Атамекен» жана «Гулистан» эл аралык өткөрүү пункттарында жайгашат. Анын курулушуна тараптар 50 гектар жер бөлүп беришет. Мындан тышкары, эки өлкө жалган куран айынын 15не чейин Эл аралык өнөр жай кызматташтык борборунун аймагында жайгаштыруу үчүн дараметтүү долбоорлордун тизмесин алмашуусу керек. Белгилей кетсек, жаңы борбор натыйжалуу өнөр жай келишимдери гана болбостон, жигердүү өнүгүп жаткан Борбордук Азиянын «Түндүк-Түштүк» экономикалык коридорунун маанилүү аянтчасына айланат.
Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода алмашуу 5 миллиард долларга жетти
Белгилей кетсек, 2022-жылы Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жеткен. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 30%га жогору. Мында өлкөнүн товар экспортунун көлөмү 33%га өсүп, 3,7 миллиард долларды түздү. Экспорттун өсүшү негизинен руда жана жез концентраттары, буудай, автоунаалар, күн карама майы, уй эти жана алюминий менен камсыздалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков