Түркмөнстанда курулуш, өнөр жай, химия жана энергетика
тармактарын өнүктүрүүгө арналган эл аралык конференция болуп өттү. Сессияларда,
семинарларда жана B2B жолугушууларында 56 өлкөнүн делегациялары – мамлекеттик
органдардын өкүлдөрү, корпорациялардын жетекчилери, серепчилер – жашыл
технологияларды жана инновацияларды киргизүү, ошондой эле инвестицияларды
тартуу маселелерин талкуулашты. Иш-чаранын алкагында адистештирилген көргөзмө
да өттү. Экспозицияда Түркмөнстандын Жапония, Германия, Кытай жана БАЭ компаниялары
менен химия, өнөр жай жана энергетика тармактарында кызматташуу боюнча
меморандумдарга кол коюлду.
Елена
Козлова, Рязань экспорт борборунун кеңешчиси, Орусия:
- Биз бул жакка курулуш материалдарын чыгарган 5 компанияны
алып келдик. Түркмөнстандын рыногун өтө келечектүү деп баалайбыз. Биз бул жакка
бардык материалдарды, анын ичинде желдетүүчү жабдуулар, изоляциялык
материалдар, жумшак чатырларды алып келдик.
Жен Хао, «Wuhuan Engineering» компаниясынын өкүлү, Кытай:
- Биз жер семирткичтерди, анын ичинде азоттук жер
семирткичтерди өндүрүүгө адистешкенбиз. Биздин химиялык заводдорду долбоорлоо
боюнча чоң тажрыйбабыз бар. Биз Түркмөнстан өкмөтү менен химиялык долбоорлорду
ишке ашырууда кызматташабыз деп үмүттөнөбүз. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы
мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

