Кыргызстандын дыйкандары быйыл жүгөрүнүн мол түшүмүн күтүүдө

Кыргызстандын дыйкандары быйыл жүгөрүнүн мол түшүмүн күтүүдө

Кыргызстанда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери дээрлик аяктады. Оруп-жыйноо үчүн дагы жүгөрү бар. Дыйкандар быйылкы түшүм былтыркыдан ашып түшөөрүн күтүп жатышат. Алардын айтымында, мындай молчулук бир нече жылдан бери боло элек. Эгерде мурда ар гектардан 8 тоннадан жүгөрү жыйналса, азыр 10дон ашат. Ал эми азыркы кездеги негизги милдет — катуу суук башталганга чейин түшүмдү жыйнап алуу. Андай болбогон жагдайда бул анын сапатына таасир этиши мүмкүн.


Ислам Каримов, дыйкан:


- Аяк оона айында, айдын аягында дээрлик 80% жыйнап алдык. Азыр районубуздун 15 гектарга жакын жери калды. Бүгүн бүтүп калабыз. Бул аймакта, 300 тоннадан ашык жыйналды жана дагы 140ка жакыны күтүлүүдө.


Жүгөрүнүн даны жыйноодон жана тазалоодон кийин бир нече сыноодон -нымдуулугу, белоктун, кальций жана башка микроэлементтер боюнча текшерилет. Чынында эле, оруп-жыюу убактысына жараша, алардын данга болгон катышы өзгөрүшү мүмкүн. Андан кийин жүгөрүнүн бир бөлүгү малга тоют, экинчиси жазга чейин үрөн катары калтырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков