Социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарады

Социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарады

Казакстандын социалдык түйүндөрүндө интернетке кирүү чектелгенине карабастан, жалган маалыматтардын таралышы уланууда. Алардын арасында борборго 2 миң талибан келет деген маалымат бар. Борбор калаанын комендатурасы бул маалымат жалган экенин айтып, жарандарды чагымдарга жана коркутууларга алдырбоого чакырды. Ошондой эле, алар борбордогу кырдаал толук көзөмөлгө алынганын билдиришти.

Муну менен катар, Алматынын жанындагы аскердик био лаборатория басып алынды деген кептер да жалган болуп чыкты. Өлкөнүн жашоочулары бири-бирине химиялык коргоочу костюмдарды кийип, имараттын жанында адистер иштеп жатканын, коркунучтуу оору козгогучтар агып кетиши мүмкүн делген маалыматтарды жиберип жатышат. Бул кабарды өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги расмий түрдө четке какты.

Дагы бир эски туура эмес маалымат социалдык тармактарда кайрадан пайда болду. Билдирүүдө казакстандыктардын насыялары кечилери айтылат. Насыялык мунапыс тууралуу маалымат чындыкка дал келбей тургандыгы белгилүү болду. Серепчилер расмий булактарга гана таянууга чакырышат. Ошол эле учурда ички иштер министринин милдетин аткаруучу Ерлан Тургумбаев жалган маалымат тараткандар 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскертти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков