Букетов атындагы университеттин карагандылык тарыхчылары менен филологдорунун өткөн кылымдын 30-жылдарындагы массалык ачарчылык тууралуу китеби англис тилинде электрондук форматта жарык көрдү. Анда 90дон ашык архивдик документтер бар. Алардын көпчүлүгү мурун купуя болуп келген. Жыл ичинде илимпоздор бардык маалыматтарды дыкат изилдеген. Бул атайын конуштардын туугандарынын жана оор мезгилдин күбөсү болгондордун материалдары жана эскерүүлөрү. Натыйжада эки томдук фактографиялык жыйнак басылып чыкты.
Лариса Харитонова, илимий топтун мүчөсү, филология илимдеринин кандидаты:
- Бир нече ай мурун биз эл аралык «Macmillan» басмасынан китебибизди англис тилинде басып чыгаруу боюнча чакыруу алдык. Албетте, бул идеяны кубаныч менен кабыл алдык, бул биз үчүн чоң сыймык. Себеби, биздин оюбузча, бул илимий базада коомдук-гуманитардык илимдер боюнча китептер көп чыгарыла бербейт.
Китепти англис тилине Караганды университетинин окутуучулары которгон. Эки томдук китеп Springer эл аралык маалымат базасында индексацияланган жана Лондондук басмакананын сайтында жеткиликтүү. Жакын арада кагаз түрүндөгү нускасын да чыгаруу пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков