Көөнө салтка негизделген кымыз өндүрүшү

Көөнө салтка негизделген кымыз өндүрүшү

Эски технологияга негизделген кымыз өндүрүшү Костанай аймагында жолго коюлган. Бээ сүтүнөн жасалган суусундук илгертен дарылык касиети менен белгилүү жана бүгүн дагы кымызга карата суроо-талап жогору. Кумкешү айылында кымызды коюулантуу жана өзгөчө жыт берүү үчүн кошулма кошот. Кымыздын сапатын арттырган бабалардын дагы бир ыкмасы – бул кымызды бышуу болуп саналат.

Рамазан Рахметов, Кумкешү айылынын тургуну:

- Өзгөчө бугу айындагы кымыз баалуу. Жазгы чөп суусундукту өтө пайдалуу кылат. Былтыр пандемиядан улам кымызга болгон талап жогору болуп турду.

Костанай облусунда улуттук суусундукту өндүрүүнүн көлөмү өсүүдө. Амангелди районунда эле күн сайын жеке менчик чарбалар бир тоннадан ашык иштетилген бээ сүтүн сатыкка чыгарат. Кымыз алуу үчүн коңшу облустардан дагы кардарлар келет.

Роза Князова, Кумкешү айылынын тургуну:

- Дайыма буйрутма алабыз. Күн сайын орточо 50 литр кымыз сатабыз. Ал үйдө туруп калбайт.

Анын үстүнө пайдалуу суусундукту эски технология менен өндүрүүнүн эсебинен аймакта этнотуризм дагы өнүгө баштады.