Казакстандын
IT кызматтарын экспорттоо өсүүдө. Былтыр бул
көрсөткүч 700 миллион долларга жеткен. Ал эми 2025-жылдын биринчи жарым
жылдыгында эле «Астана хабдын» резиденттери 2024-жылдын ушул мезгилге
салыштырмалуу 50%га көп экспорттошкон. Жалпысынан алардын былтыркы кирешеси 1,2
триллион теңгени түзгөн. Казакстанда 19 аймактык IT хаб
ачылган, АКШда, Улуу Британияда, Дубайда, Кытайда өкүлчүлүктөрү бар. Жалпысынан
өлкөдөгү IT
компаниялардын саны 18 миңден ашты.
Жаслан Мадиев, Санариптик
өнүгүү жана аэрокосмостук өнөр жай министри:
- 2024-2025-жылдар жасалма интеллект
тармагындагы маанилүү демилгелердин мезгили болду. 2029-жылга чейинки концепция
бекитилип, жасалма интеллектти өнүктүрүү жана санариптик трансформациялоо
стратегиясы, ошондой эле жасалма интеллект боюнча мыйзам долбоору иштелип
чыгууда. Президент Касым-Жомарт Токаев жасалма интеллект боюнча эл аралык
консультативдик кеңеш түздү. Анын максаты – дүйнөлүк серепчилер менен пикир
алмашуу жана өлкөдө жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп
чыгуу.
Ошондой
эле өлкөдө IT-өнүмдөрдү 3-4 эсе тез киргизүүгө мүмкүндүк берген Kaz-Tech
улуттук платформасы иштелип чыккан. Ошону менен
бирге казак тилиндеги эң ири тил модели болгон AlemLLM тил
модели жеткиликтүү жана Борбор Азиядагы биринчи суперкомпьютердик кластер ишке
киргизилген. Мындан тышкары, мекемеден белгилешкендей, Alem.AI Эл
аралык жасалма интеллект борбору ачылууга даярдалып жатат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

