Жакынкы 40 жылда Казакстан аз көмүртектүү технологияларды өнүктүрүүгө 650 миллиард доллар инвестиция салат. Бул 2060-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө жардам берет. Бул тууралуу Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев билдирди. Башкача айтканда, 40 жылдан кийин өлкө атмосферага калдыктардын нөлдүк нормасына жетише алат. Атайын технологиялардын аркасында аталган максатка жетүүгө болот. Жаратылышты коргоо чараларын ишке ашыруу энергетиктердин ишине олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келери талашсыз, деди министр. Маселен, республиканын энергетикалык балансында казылып алынуучу ресурстардын салыштырма салмагы дээрлик 3,5 эсеге азайып, болгону 29 пайызды түздү. Ошол эле учурда, энергиянын кайра жанма булактары азыркы үч пайыздан 70 пайызга чейин өсөт.
Сериккали Брекешев, Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри:
- Акыркы 40 жылда эң көп инвестицияны талап кылган тармактар: электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө - 305 миллиард доллар, транспортко - 67, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайына - 65 миллиард, турак жай-коммуналдык чарбасына - 57, айыл чарбасына - 49 миллиард теңге керектелет. Ошол эле учурда, көмүр, мунай жана газ тармагына инвестициялар акырындык менен төмөндөй берет. Өкмөт азыртан эле энергиянын кайра жанма булактарына инвестиция тартуунун үстүндө иш алып барууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков