Шардаранын балыгы чет өлкөгө экспорттолот

Шардаранын балыгы чет өлкөгө экспорттолот

Шардарада балык өнүмдөрүнүн экспорту артууда. Быйыл 2600 тонна балык чет өлкөгө сатылды. Азыркы учурда облуста балык чарбачылыгы менен алектенген 5 ишкана бар. Алар жылына 4 миң тоннага жакын өнүм чыгарышат. Даяр өнүмдүн 20% ички рынокту камтыса, калганы чет элге экспортко кетет.

Таңатар Есенбаев, технолог:

- Бул жерде балыктын 9 түрүн өндүрөбүз. Чет өлкөгө экспорттоп жатабыз. Германияга, Орусияга, Израилге, Америкага жана башка өлкөлөргө экспорттойбуз.

Өндүрүштүк башкарма балыктарды Карагандыдан ташып, аны колго өстүрүүдө. Мындагы жасалма көлдөн жылына 350 тонна суу жандыгы алынат. Мамлекет тарабынан олуттуу субсидия бөлүнөт. Ошондуктан, акыркы жылдары балык чарбасына кызыгуу күч алууда.

Өмирбек Рүстемов, Шардара райондук ишкердик бөлүмүнүн башчысы:

- «Бизнестин жол картасы-2020» программасынын алкагында мамлекет тарабынан балыкчыларга насыя берүү жана инфраструктура менен камсыздоо жаатында колдоо көрсөтүлдү. Муну менен катар, балык өстүрүү боюнча да долбоорлор ишке ашырылууда. Аларга да насыя каралып, берилип жатат.

Мындан тышкары, балык чарбасы менен алектенген калкка райондон жер тилкеси бөлүнүп берилет. Келерки жылы субсидиялардын көлөмү да көбөйтүлөт. Натыйжада балык чарбалары жылдык даяр өнүмдүн көлөмүн 10 миң тоннага жеткирүүнү көздөп жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков