«Самрук-Казына» жылдын аягына чейин 1 триллион теңгеден ашык суммага тогуз ири долбоорду ишке киргизет. Алардын ичинде Талдыкорган – Ушарал магистралдык газ кууру, Актаудагы контейнердик хаб, Алматыдагы Zhetysu логистикалык терминалы бар. Бул тууралуу мамлекет башчысына фонддун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Жакупов билдирди. Жалпысынан «Самрук-Казынанын» инвестициялык портфелинде 53 триллион теңгеге жакын 130 долбоор бар. Касым-Жомарт Токаевге фонддун ушул жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет берилди. Маселен, 2025-жылы CASPI BITUM заводунун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча долбоор ишке киргизилип, күн электр станциясы пайдаланууга берилип, Кендерли шаарчасында тузсуздандыруучу завод курулду. Мындан тышкары, жыл башынан бери «Самрук-Энерго» 31 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрдү. Бул өлкөдөгү жалпы өндүрүштүн үчтөн бири. Жолугушуунун жыйынтыгында Казакстандын президенти фонддун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана улуттук активдердин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган милдеттерди койду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

