Казакстанда чет элдиктердин катышуусу менен долбоорлор ишке кошулат

Казакстанда чет элдиктердин катышуусу менен долбоорлор ишке кошулат

Казакстанда чет элдиктердин катышуусунда жалпы баасы 4,1 миллиард долларды түзгөн 45 долбоор колдонууга берилет. Аларды ишке ашырууга «KAZAKH INVEST» колдоо көрсөтөт,- деп билдирет өлкөнүн өкмөтүнүн басма сөз кызматы. Инвесторлорду сервистик колдоонун алкагында Улуттук компания 1950дөн ашык кайрылууну карап чыгып, инвесторлордун ишмердүүлүгүнө байланыштуу виза маселелери, жеңилдиктер жана мыйзамдар боюнча кесипкөй кеңештер берилди. Үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча чет элдик компаниялар үчүн Казакстандын аймактарына 212 иш сапар уюштурулду. Анын алкагында тармактык министрликтер, акимчиликтер, квазимамлекеттик сектор, каржы өнүктүрүү институттары жана жергиликтүү ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Мындан тышкары 13 ири инвестициялык иш-чара болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков