Казакстан менен Литва инвестициялык, со Тараптардын бул ниетин борбор калаада жолугушкан эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери да ырасташты. Учурда мамлекеттер аралык байланышты жана кызматташтыкты арттыруу максатында логистиканы ар тараптандырууну макулдашып жатышат. Буга байланыштуу Транскаспий эл аралык транспорт коридорунун дараметин максималдуу пайдалануу жолдору каралууда. Бул үчүн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Маселен, үстүбүздөгү жылдын 9 айында салттуу логистикалык чынжырлар үзгүлтүккө учураганына карабастан, эки тараптуу соода жүгүртүү 500 миллион доллардан ашты. Өткөн жылдын ушул мезгилинде товар жүгүртүү 2 эсеге аз болгон. Өз ара инвестициялоо күч алып келүүдө.
Мухтар Тлеуберди, Казакстандын тышкы иштер министри:
Бүгүнкү күндө Казакстандын рыногунда 170ке жакын литвалык компаниялар бар. Өз кезегинде Литвада Казакстандын катышуусу менен ондогон ишканалар иштейт. Учкучтарды даярдоо, электроника жана медициналык жабдууларды чыгаруу, колдонулган мотор майларын кайра иштетүү жана башка тармактарда биргелешкен инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда.
Габриэлюс Ландсбергис, Литванын тышкы иштер министри:
Литва маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, санариптештирүү, жашыл жана кайра жанма энергетика тармагындагы тажрыйбасы жана жаңы долбоорлору менен бөлүшүүгө даяр. Бул Литванын эл аралык таанылган багыттарынын бир гана бөлүгү. Мени менен бирге келген чоң делегация Литва бизнесинин кызматташууну жолго коюуга зор кызыгуусун көрсөтүп турат. Себеби, Казакстандын бай жаратылыш ресурстары жана географиялык абалы кызматташтыктын чөйрөсүн мындан ары да кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков