«QazaqGaz» улуттук компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу Президентке билдиришти

«QazaqGaz» улуттук компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу Президентке билдиришти

Казакстанда газ менен камсыздоо деңгээли өсүүдө. Акыркы үч жылда 1 миллион 700 миңден ашуун адам газга ээ болушту. «QazaqGaz» улуттук компаниясынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу Мамлекет башчысына башкармалыктын төрагасы Санжар Жаркешов айтып берди. Ал ошондой эле Касым-Жомарт Токаевге Талдыкорган – Ушарал газ куурунун сызыктуу бөлүгүнүн курулушу аяктаганын билдирди. Бул 66 калктуу конушту камсыз кылат. Мындан тышкары, өлкөдө Кашаган кенинде суюлтулган мунай газын кайра жүктөө жана фракциялоочу заводдун курулушу башталды. Карбамиддик көмүр химиялык заводунун долбоору да ишке ашырылууда. Санжар Жаркешовдун айтымында, Орусиянын  газын Казакстан аркылуу Өзбекстанга транзиттин көлөмү да көбөйүүдө. Ал ошондой эле Орто Азия – Борбордук газ кууруна капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу да айтты. Бул өлкөнүн аймактык энергетика тармагындагы негизги звено катары ролун кыйла күчөтүүгө мүмкүндүк берет.

Санжар Жаркешов, «QazaqGaz» УК башкармалыгынын төрагасы:

- Улуттук компания газ тармагын өнүктүрүүнүн кийинки этабына өтүүдө - бул мегадолбоорлорду ишке ашыруу. Апстрим багыты боюнча – бул «Аккудук» жана «Түндүк-2» участкалары боюнча геологиялык чалгындоо иштери. «Түндүк-1» участкасы боюнча инвесторлор менен жер казынасын пайдалануу келишимдери түзүлдү. CNPC улуттук компаниясы менен биргелешкен чалгындоо иштери боюнча геологиялык чалгындоо келишими түзүлдү. Ошондой эле магистралдык транспорттоо мидстрим багыты боюнча да жыйынтыктар бар. «Талдыкорган-Ушарал» магистралдык газ кууру мөөнөтүнөн мурда пайдаланууга берилет. Ал Жетису облусунун 66 калктуу конушун газ менен камсыз кылат. Ошондой эле өлкөдөгү эң ири инфраструктуралык долбоор болуп саналган «Бейнеу-Бозой-Шымкент» магистралдык газ куурунун экинчи тилкесин ишке ашыруу башталды.

Которгон: Назира Бегалиева