Казакстандык ырчы Рухия Байдукенова Витебскиде өткөн "Славян базары" эл аралык көркөм өнөр фестивалында баш байгени жеңил алды. Белта басылмасы билдиргендей, баш байге үчүн жаш аткаруучулар арасында курч атаандашуу жүрдү. Экинчи турда ырчылар Беларусь президенттик оркестринин коштоосунда славян хиттерин аткарган. Кызуу мелдеште Казакстандын өкүлү Рухия Байдукенова атаандаштарын жеңип чыкты. Баш байгени калыстар тобунун төрагасы Анатолий Ярмоленко тапшырды.
Айта кетсек, фестивалда биринчи орунду Сербия, экинчи орунду Украина, үчүнчү орунду Словакия менен Азербайжан ырчылары ээледи.