Казакстандык опера ырчысы ЮНИСЕФтин досу болду

Казакстандык опера ырчысы ЮНИСЕФтин досу болду

Дүйнөгө таанымал казакстандык опера ырчысы Мария Мудряк ЮНИСЕФтин миссиясына кошулуп, расмий түрдө анын досу болду. Дайындоо эл аралык уюмдун 80 жылдыгына карата жасалды. Кызматташуу чечими Мария Мудряктын 2025-жылы ЮНИСЕФтин кайрымдуулук гала-кечесине активдүү катышуусунан кийин кабыл алынган. Анда Казакстанда балдардын жана өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгын колдоо системасын өнүктүрүү үчүн 283 миллион теңге чогултулган. Бүгүнкү күндө ЮНИСЕФтин 400гө жакын элчиси дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө иштеп жатат. Алардын баары уюмдун миссиясын ыктыярдуу негизде колдошот.

Мария Мудряк, опера ырчысы, Казакстандагы ЮНИСЕФтин досу:

– ЮНИСЕФ – бул келечек жөнүндө. Анткени балдар – бул биздин өлкөнүн гана эмес, бүткүл адамзаттын келечеги, ар бир баланын нормалдуу шарттарда өсүшү абдан маанилүү. Мен инклюзивдик билим берүү темасы менен көбүрөөк алектенем. Менимче, мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир бала билим алууга укуктуу болушу керек. Ошондой эле мындай балдардын ата-энелерине да жардам көрсөтүлүп, иштер жүргүзүлүшү зарыл.

Рашед Мустафа Сарвар, ЮНИСЕФтин Казакстандагы өкүлү:

– Бүгүн казакстандык ырчы Мария Мудрякты ЮНИСЕФтин досу кылып дайындашты. Анын коомго кандай таасир эткенин көрүп турабыз. Албетте, тигил же бул талапкерди тандоодо көп нерсеге көңүл бурабыз. Талапкерлер ар кандай текшерүү этаптарынан өтүшөт. Ошондон кийин гана аларды ЮНИСЕФтин досу кылып дайындоо болот, ал эми кийинки кадам - Ыктыярдуу элчи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков