Казакстандагы 11 эстелик юнесконун тизмесине кириши мүмкүн

Казакстандагы 11 эстелик юнесконун тизмесине кириши мүмкүн

Казакстандын 11 эстелиги ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилет. Маданият жана маалымат министри бул 2026-жылы жүзөгө ашарын билдирди. Аида Балаева быйыл эл аралык уюмдун кароосуна 2 номинациялык документ жолдонгонун белгиледи. Бул жаатта «Маңгыстау жер астындагы мечиттери» жана Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан менен биргеликте «Жибек жолу», «Фергана-Сырдария коридорун» глобалдык деңгээлде көрсөтүү мерчемделген. Ошондой эле жакында «салбуурун» менен «Алпамыс баатыр» боюнча документтер даярдалып, ЮНЕСКОнун кароосуна сунушталды. Жалпысынан өлкөдө эл аралык уюмдун принциптерине ылайык маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү план иштелип чыгат.

Аида Балаева, Маданият жана маалымат министри:

- Биринчи багыт-дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо боюнча Конвенцияга ылайык ЮНЕСКОнун коргоосунда турган эстеликтер менен комплекстүү иштерди жүргүзүү. Экинчиден, ЮНЕСКОнун конвенциясынын принциптерине ылайык материалдык эмес маданий мурасты же «жандуу» мурасты сактоо жана колдоо. Үчүнчү багыт- ЮНЕСКОнун «дүйнө элеси» программасынын алкагында документалдык мурасты сактоо, анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков