Жакында Риддер шаарында болгон өрт кырсыгын жою үчүн өкмөттөн жарым миллиарддан ашуун каражат бөлүндү. Жабыркаган үй-бүлөлөр үчүн жаңы үйлөрдүн курулушу башталды. Курулуш иштери баш оона айында аяктап, пайдаланууга берүү мерчемделген. Жаңы кичирайондо бардык керектүү инженердик-коммуникациялык инфраструктуралар курулат. Бул тууралуу премьер-министр Аскар Мамин Чыгыш Казакстан облусуна жасаган иш сапарында билдирди. Өкмөттүн резервинин эсебинен курула турган жаңы үй 30 үй-бүлөгө берилет. Ар бир үйдүн аянты 80 чарчы метр, ал эми үйдүн жанындагы өзүнчө участоктун аянты 10 сотыхты түзөт.
Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-Министри:
- Президент Касым-Жомарт Токаев өкмөткө жана облустук бийликке жаңы үйлөрдү куруу боюнча тапшырма берди. Курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Бардыгын баш оона айынын 15не чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз. Деген менен теке айында жаңы үйгө кирип калышуулары мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков