Казакстанда бирдиктүү ыктыярдуу каржыланган “Келечек”
системасы пайда болот. Ага беш жаштагы балдардан баштап кошулат. Тутум өзүнө
мамлекеттен баштапкы билим берүү капиталын, жылдык төлөмдөрдү жана
инвестициялык кирешелерди камтыйт. Бул “Балдар үчүн улуттук фонддун”
долбоорунун каражаттары менен биригип, жаш казакстандыктарга сапаттуу билим
алууга жардам берет. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев жылдык кайрылуусунда
билдирди. Кооптуу өндүрүштө иштегендерге да колдоо көрсөтүлөт. Мындай жарандар
55 жаштан баштап, башкача айтканда, пенсия курагына жеткенге чейин эле атайын
социалдык жөлөкпул алышат. Мында тармактарды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы
жана ден-соолукка келтирилген зыяндын деңгээли да эске алынат. Айта кетсек,
Касым-Жомарт Токаев өндүрүштүк кооптуулуктун деңгээлин азайтуу үчүн өкмөткө бештин
аягына чейин 2030-жылга карата Коопсуз эмгек концепциясын кабыл алууну тапшырды.
Жалпысынан алганда, казакстандыктардын кирешесин көбөйтүү максатында
2024-жылдын үчтүн айынын 1нен тартып республикада минималдык айлык акы 85 миң
теңгеге чейин көтөрүлөт. Бул чара 1 миллион 800 миңге жакын жарандын
бакубаттуулугуна оң таасирин тийгизет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков