Калининградда Советтер Союзунун баатыры Т. Кабыловко арналган мемориалдык такта орнотулду

Калининградда Советтер Союзунун баатыры Т. Кабыловко арналган мемориалдык такта орнотулду

Калининградда Советтер Союзунун Баатыры Төлен Кабыловдун мемориалдык тактасы орнотулду. Алматы облусунун тургуну 1942-жылы аскер катарына чакырылып, 72-аткычтар полкунун курамында Кенигсбергди, Дон, Крымды, Украинаны, Беларусту, Литваны бошотууга катышкан. 1945-жылы чын куран айында Калининграддын астында ал башкарган бөлүк душман менен согушкан. Согушта казак баатыр душмандын танкасын талкалап, баатырдык менен курман болгон. Баатырдыгы үчүн Төлен Кабыловго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылды. Ошондой эле «Кызыл Жылдыз», 3-даражадагы Даңк ордени жана медалдар менен сыйланган. Азыр Калининграддагы көчөлөрдүн бирине Төлен Кабыловдун ысымы ыйгарылып, жергиликтүү музейде көргөзмө ачылды.

Тамара Калмыкова, Калиниград облусундагы №14 орто мектептин мүдүрү:

- Төлен Кабыловдун эрдигин эч качан унутпайбыз, урпактарыбызга үлгү болобуз. Советтер Союзунун баатыры, Улуу казак элинин эрдиги дайыма эсте калат. Жыл сайын чын куран айында Кенигсбергдин кол салуу күнүнүн урматына мектепте класстык сааттарды өткөрөбүз. Душманды кайтарган казактын эрдиги, тагдыры, сыйлыктары тууралуу окуучалырыбызга айтып беребиз.

Руслан Хисамов, Калининград облусунун «Ар-ождан» издөө отрядынын жетекчиси:

- Бизге Казакстандын издөө отряддарынан көп суроолор келип түшөт. Алар бул жерге өздөрү көп келишкен. Өзгөчө «Майдан жолу» издөө отряды менен тыгыз кызматташтык орноттук. Өткөн жылы Калининград жергесинен согушта курман болгон казак жоокерлеринин сөөгүн жана аскердик сыйлыктарын таптык. Бул кызматташуунун аркасында туугандарына чыгып, аларга согуштук сыйлыктарды тапшырдык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков