Президент Түрк мамлекеттер уюмунун XII саммитине катышты

Президент Түрк мамлекеттер уюмунун XII саммитине катышты

Санариптештирүү, энергетика, өнөр жай кооперациясы, транспорт жана логистика, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштар. Казакстандын Президенти Түрк мамлекеттер уюмунун ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүү багыттары тууралуу Азербайжандын Габала шаарында өткөн Уюмдун он экинчи саммитинде айтты. Негизгиси – биргелешип аракеттенүү жана эл аралык аренада кадыр-баркын активдүү арттырып жаткан ТМУнун дараметин өнүктүрүү. Ошондуктан Казакстан «Түрк тилдүү мамлекеттер уюму +» форматын түзүү идеясын колдойт. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Түрк инвестициялык фонду сыяктуу ири биргелешкен долбоорлордун мүмкүнчүлүктөрүн да пайдалануу зарыл. Мамлекет башчысы каржылай турган конкреттүү долбоорлордун тизмесин түзүүнү сунуштады.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Экономикаларыбызды диверсификациялоодо өнөр жай тармагындагы кызматташтыктын мааниси чоң. Буга байланыштуу Түрк мамлекеттеринин соода-өнөр жай палатасы чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ деп эсептейбиз. 2026-жылы Казакстан бул бирикмеге төрагалык кыларын белгилей кетким келет. Буга байланыштуу биз конкреттүү артыкчылыктуу долбоорлор белгиленген Өнөр жай кооперациясы программасын кабыл алууну сунуштайбыз.


Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту ТМУ өлкөлөрүнө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Акыркы беш жылда коридор боюнча жүк ташуу көлөмү 6 эсеге көбөйдү. Мамлекет башчысы түрк өлкөлөрүн маршрут боюндагы авиахабдарды, темир жол станцияларын жана деңиз портторун модернизациялоого катышууга чакырды. Мындан тышкары, бул жерде санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, Санариптик мониторинг борборун түзсө болот. Биргелешкен аракеттерди жасоого мүмкүн болгон гана эмес, зарыл болгон дагы бир тармак - Жасалма интеллект.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Жакында Астанада Alem.AI жасалма интеллект боюнча эл аралык борбору ачылды. Анын базасында Түрк мамлекеттер уюмунун санариптик инновациялар борборун түзүүнү сунуштайм. Бул борбор стартаптарды колдоп, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүп, жасалма интеллект жаатында тажрыйба алмашууга шарт түзүп, венчурдук капиталды тартат. Санариптештирүү жана жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн рационалдуу пайдалануу керек, ошондуктан уюмдун келерки жылы Казакстанда өтө турган бейформалдык саммитин "Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү" темасына арноону сунуштайм.


Түрк мамлекеттеринин өнөктөштүгүнүн маанилүү элементи жана экономикасынын өзөгү энергетика болуп саналат. Касым-Жомарт Токаев өз ара аракеттенүүдө кайра жанма энергия булактарына өзгөчө басым жасоо керектигин белгилеп, ТҮРКСОЙ алкагында Энергиянын натыйжалуулугу боюнча алдыңкы тажрыйбалар кеңешин түзүүнү сунуштады. Саммитте экология жана суунун жетишсиздиги маселелери да көңүл сыртында калган жок. Казакстандын президенти түрк мамлекеттерин Каспий деңизиндеги абалды жакшыртуу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга чакырып, ирригациялык системаларды санариптик көзөмөлдөө жана суу сактагычтарды натыйжалуу пайдалануу боюнча биргелешкен программаны кабыл алууну сунуштады. Белгилей кетсек, саммиттин жыйынтыгында Габала декларациясына кол коюлду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков