Республикалык референдумга Казакстандын 400 ыктыярчылар бирикмеси катышат. Иш-чарага 100 миңден ашык ыктыярчы тартылат. Бул тууралуу борбор калаада өткөн атайын талкуу форумунда айтылды. Ошондой эле «Биргебиз» ыктыярчылардын республикалык фронт-кеңсеси референдумду коомдук колдоо боюнча республикалык штабдын курамына киргени айтылды. Ыктыярчылар мекендештерге өлкөнүн Конституциясына кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатканын түшүндүрүшөт.
Айбек Досымбетов, Birgemiz Республикалык ыктыярчылар фронт-кеңсесинин координатору:
- Мына ушул өзгөрүүлөрдүн бардыгы болочок Казакстандын чыңдалышына жана өнүгүшүнө зор салым кошот. Ошол эле учурда бул темадан ыктыярчылар да четте калган жок. Алар референдумдун маанилүүлүгүн өлкөнүн келечеги үчүн чоң саясий кадам катары колдоп жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков