Казакстандык жоокерлер «Танк биатлонунда» үчүнчү орунду алышты

Казакстандык жоокерлер «Танк биатлонунда» үчүнчү орунду алышты

Казакстандык жоокерлер «Танк биатлонунда» үчүнчү орунду алышты. Москванын жанындагы «Алабино» полигонунда өткөн Эл аралык аскер оюндарынын финалына өлкөдөн тышкары Азербайжан, Кытай жана Орусиянын танк экипаждары катышты. Өлкөнүн үмүтүн актаган Казакстандын танкерлери бардык обьектилерди таамай багыттап кыраакылыгын көрсөттү. Бирок, атаандаштыкта Орусия менен Кытай үстөмдүк кылды. Белгилей кетсек, быйыл танк биатлонуна 19 команда катышты.

Жаннур Жумабаев, механик-айдоочу:

- Биздин жарышыбыз абдан кыйын болду. Жолдун ыңгайсыздыгынан танктын туура ылдамдыгын көрсөтө алган жокпуз. Бирок меелөөчү операторлорубуз жана командир танкыбыз бардык бутага таамай тийгизип, бизге жардам беришти. Биз машыктыруучуларыбыздын талаптарын аткардык.

Амир Халыков, РКнын Коргоо министрлиги башкы инспекциясынын башчысы:

- Биздин команда бул мелдешке абдан жакшы даярданды. Мелдештин жүрүшүндө биз абдан жакшы жыйынтык көрсөттүк. Чындыгында байгелүү биринчи орунду үмүт кылганбыз. Бирок, биз колубуздан келгендин баарын жасадык, айрыкча ок атуудан жакшы жыйынтык көрсөттүк.

Которгон: Илгиз Жамалбеков