«Кесиптер атласы» өлкөнүн окуу программасына киргизилет. Бул документ жоголуп бараткан жана таптакыр жаңы кесиптерди камтыйт. Алардын арасында мунай-газ, энергетика, айыл чарба, маалымат технологиялары, туризм, транспорт жана логистика, унаа жасоо, тоо-кен металлургия жана курулуш тармактары бар. Акыркы убакта Казакстанда 250 жаңы кесип пайда болуп, 129 жоголуп бараткан кесип катталды, 95и трансформациядан өтүп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги эмгек рыногунун талаптарынын өзгөрүшүнө байланыштуу ЖОЖдор 200гө жакын инновациялык программаларды ишке киргизээрин билдирди. «Кесиптер атласы» 2025-жылга чейин калктын кирешесин жогорулатуу программасына киргизилип, эмгек рыногу менен кесиптик стандарттарды болжолдоого негизделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков