3,4 трлн теңгелик активдер атаандаштык чөйрөгө өткөрүлөт

3,4 трлн теңгелик активдер атаандаштык чөйрөгө өткөрүлөт

Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасы Марат Омаров Казакстандын Президентине экономиканы либералдаштыруу чаралары тууралуу маалымдады. Ошентип, өлкөдө квазимамлекеттик секторду кыскартуу боюнча системалуу иштер уланууда. 2030-жылга чейин анын субъекттерин да, мамлекеттик менчиктин объекттерин да оптималдаштыруу планы бекитилди. Конкуренция чөйрөсүнө өткөрүлүп жаткан активдердин жалпы кирешеси болжол менен 3,5 триллион теңгени түзөт. Мамлекет башчысына ошондой эле бизнестин товардык рыноктарга чыгуусундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча чаралар, жана санариптик экономиканы жөнгө салуунун жаңы ыкмалары жөнүндө маалымдалды. Марат Омаров атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдагы алтынчы пакеттин үстүндөгү иштер жөнүндө да айтып берди, ал антимонополиялык жөнгө салууну жакшыртууга жана экономикадагы мамлекеттик катышууну кыскартууга багытталган 7 багытты камтыйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков