Жыл башынан бери Абай облусунда миңден ашык бала реабилитациядан өттү. Быйыл Семейдеги төрөт үйүнүн жанынан эки бирдей реабилитациялык борбор ачылды. Туңгуч Президенттин фондунун колдоосу менен ишин баштаган мекемелердин бирине ден соолугунан жабыркаган үч жашка чейинки, экинчиси 3 жаштан 18 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Бир убакта 100 адамга акысыз медициналык кызмат көрсөтүлөт. Социалдык медициналык камсыздандыруу фондунун облустук бөлүмүнүн маалыматы боюнча, облуста 2022-жылга карата калыбына келтирүү иш-чараларына 2 миллиард теңге бөлүнгөн. Келерки жылы бул максатка 3 миллиард теңге бөлүү пландалууда.
Галымжан Абилов, Социалдык медициналык камсыздандыруу фондунун, Абай облустук филилалынын мүдүрү:
Бул реабилитациялык борбордо Абай облусунун алыскы аймактарынан келген кичинекей балдар 21 күн дарыланып, реабилитациялоодон өтүшөт. Борбор ушул үчүн ачылды. Себеби, ал жакта сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү кыйын
Жанар Кабденова, «Камкордук» реабилитациялоо борборунун башчысы:
Балдар дарылангандан кийин өздөрүн жакшы сезип жатышат. Быйыл кээ бир балдар бизге бир эмес, эки-үч жолу келишти. Баспаган балдар алгачкы кадамдарын жасап жатышат. Башын башкара албаган балдар башын башкара башташты. Сүйлөбөгөндөр сүйлөп, ата-энелер буга кубанып жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков