Алматы облусунда Аркарлы петроглифтерин документтештирүү иштери башталды. Үч миң жылдык тарыхы бар эстеликтер 2017-жылы табылган. Сүрөттөрдү изилдөө менен Алькей Маргулан атындагы археология институтунун окумуштуулары алектенип жатышат. Азырынча адистер аркарлы петроглифтери 10 жерде топтолгонун аныкташты. Ал жерден бир жарым миңге жакын петроглиф табылган. Аяк оона айында документтештирүү иштери аяктаган соң, археологиялык комплекстин аймагы тосулуп, толугу менен мамлекеттин карамагына өткөрүлөт. Ал эми келечекте бул жер ачык асман алдындагы музейге айланышы мүмкүн.
Марлен Көлбаев, облустук маданият, архивдер жана документтер бөлүмүнүн башчысы:
- Баш оона айынын аягына чейин бардык петроглифтерди аныктап, документтештирүү иштерин жүргүзөбүз. Археология институту бизге бардык дөбөлөрдүн жана петроглифтердин жайгашкан жеринин картасын берет. Алар Кербулак районунун базасына киргизилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков