Астанада жарандардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган
чоң маалыматтар темасында жыл сайын өтүүчү Qazdatathon
улуттук сынагы өттү. Анын максаты-жаштарды статистикалык көрсөткүчтөрдү пайдаланууга,
башкарууга жана талдоого тартуу, ошондой эле кеңири маалыматтарга негизделген
социалдык-экономикалык саясий чечимдерди кабыл алуу тажрыйбасын киргизүү болуп
саналат. Салттуу сынакты Улуттук статистика бюросу уюштурду. Финалга өткөн 7
команда жумушка орношуу боюнча өз тармагындагы долбоорлорун сунушташты. Алар
сунуштаган демилгелерде биг датаны иштеп чыгуу үчүн атайын программаларды
колдонду. Казакстандын эмгек рыногу боюнча долбоору мыкты деп табылды.
Катышуучулар кайсы жаштардын «бейрасмий», башкача айтканда, эмгек келишимин
түзбөстөн иштегенин, бүгүнкү эмгек рыногунда алардын үлүшү кандай экенин
изилдеп, келечекте кандай өзгөрөрүн божомолдошту. Уюштуруучулардын айтымында,
жеңүүчүлөр мамлекеттик органдар менен кызматташууга жана фундаменталдык изилдөө
долбоорлоруна катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Максат Турлыбаев, улуттук статистика бюросунун башчысы:
- Жалпылап алганда Улуттук статистика бюросунун
маалыматтарды жайылтуу боюнча жумуш бир нече жылдан бери жүргүзүлүп келет. Биз
бир нече кызматтарды иштеп чыктык. Бардык илимий уюмдар, изилдөөчүлөр, талдоочулар
келип, жекече түрдө маалыматтарды алуу үчүн изилдөөчү кеңсе ачтык.
Амирлан Нургазин, Raspi ked тобунун мүчөсү:
- Мамлекеттик органдар алар менен тынымсыз иштешет. Алар анча-мынча
корреляцияны байкабай калышы мүмкүн. Мына ушундай долбоорлор бардыгын жаңы көз
карашка үндөйт. Башкача айтканда, дал ушул жаш муундун сунушу ага башкача көз
караш менен кароого жардам берет жана андан да натыйжалуу кылууга көмөктөшөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

