Казакстан аймактык натыйжалуу транзиттик каттамдардын тармагын түзүүгө басым жасоодо. Маселен, бүгүнкү күндө өлкөнүн аймагы аркылуу Кытай рынокторун Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштырган 5 негизги эл аралык темир жол коридору өтөт. Кийинки 10 жылдын ичинде бул маршруттар боюнча контейнердик ташуулардын көлөмү 5 эсеге өстү. Азырынча транспорттук-транзиттик дараметти кеңейтүү көздөлүп жатат. Учурда 5 коңшу мамлекет менен темир жол чек ара бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жалпы узундугу 1300 чакырымды түзгөн 4 темир жол долбоору жүзөгө ашырылып жатат.
Марат Карабаев, транспорт министри:
- Бул долбоорлорду ишке ашыруу Достук станциясынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жылына 35 млн тоннага чейин көбөйтүүгө, Алматы станциясы аркылуу жүк ташуу убактысын кыскартууга, Сарыагаш станциясын бошотууга, ошондой эле Борбор Азия жана Кытай багыттарындагы инфраструктуранын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жылына ар бирин 20 млн тоннага көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков