Быйыл Казакстанда креативдүү индустрияны өнүктүрүү фонду негизделет. Мындан тышкары бир катар аймактарда чыгармачылык хаб түзүлөт. Фонд инвестиция тартууга, долбоорлорду каржылоого, ошондой эле ата мекендик чыгармачыл өнүмдөрдү экспорттоого колдоо көрсөтөт. Буга байланыштуу өлкөдө 2030-жылга чейин аталган багытты өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгат. Белгилей кетсек, 2019-жылдан бери Казакстанда креативдүү экономика 3 эсеге өскөн. Бүгүнкү күндө ал республикада 12 багытта өнүгүп, экономикалык иштин 43 түрүн камтыйт. Тармакта 45 жарым мин субъект иштейт. Өткөн жылы чыгармачыл ишкерлерге арналган атайын салык режими киргизилди.
Аида Балаева, Маданият жана маалымат министри:
- Бул система ишке киргенден берки 1 жылдын ичинде креативдүү индустрия субъекттеринин саны 15%га, иш менен камсыз болгондордун саны 15%га өскөн. Буга кошумча, 2024-жылдагы Global Innovation Index жыйынтыгы боюнча Казакстан «Креативдүү товарлар жана кызматтар» көрсөткүчү боюнча 93-орундан 65-орунга көтөрүлгөн.
Ал, эми «Улуттук кино өндүрүшү» көрсөткүчү боюнча Казакстан 60-орундан 31-орунга көтөрүлдү. Өткөн жылы жалпы ата мекендик кино өндүрүшү 58% өскөн. Быйыл өлкөдө белгилүү актер Джеки Чан жана америкалык «Оскардын» продюсерлери менен биргеликте бир катар эл аралык кинодолбоорлор ишке ашырылмакчы. Ошондой эле, жасалма интеллект технологиясынын негизинде контент түзүү боюнча Тимур Бекмамбетов менен уникалдуу долбоор колго алынды.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-министри:
- Эң көп киреше тапкан 10 тасманын ичинде ар бир экинчи тасма ата мекендик өндүрүш болду. Чет элдик жана ата мекендик тасмалардан түшкөн киреше болжол менен бирдей. Бул көрүүчүлөрдүн улуттук контентке кызыгуусу артып келе жатканын билдирет. Ошондуктан мамлекет башчысы курултайда тартылып жаткан тасмаларга, сериалдарга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

