Касым-Жомарт Токаев Кытай Эл
Республикасына расмий иш сапарынын алкагында Үрүмчү шаарында Шинжаң-Уйгур
автономиялык районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту.
Мамлекет башчысы өлкөнүн Шинжаң менен болгон мамилелеринин натыйжаларына жогору
баасын берди. Бул жаатта Казакстандын КЭРсы менен болгон соодасында Шинжаң-Уйгур
автономиялык районунун үлүшү 40%дан ашат. Быйыл эле бул аймак менен өз ара
соода жүгүртүү дээрлик 90%га өсүп, 8,5 миллиард долларды түздү. Ошол эле учурда
Касым-Жомарт Токаев өлкөлөр ортосундагы үчүнчү темир жол өткөөлүнүн курулушунун
маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Президент аталган долбоорду ишке ашырууну жакын
арада баштаса болорун кошумчалады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын президенти:
- Казакстан менен Шинжаңдын
ортосундагы өз ара соода маселесинде аймактык кызматташтыктын иштеп жаткан
механизмдери чоң мааниге ээ. Аларды туура пайдалана алсак, бир топ ийгиликтерге
жетише алабыз деп ишенем. Казакстан сиздердин аймакка жеткирилүүчү өнүмдөрдүн түрлөрүн
көбөйтүүгө даяр. Атап айтканда, металлургия, мунай-химия, унаа жасоо, тамак-аш өнүмдөрүн,
курулуш материалдарын экспорттой алабыз. Агроөнөр жай жана тамак-аш
тармагындагы кызматташууга келсек, бул багытта бизде чоң дарамет бар. Казакстан
Кытай рыногуна экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрүн үзгүлтүксүз жеткире
алат деп эсептейм.
Ошондой эле, жолугушууда
соода-экономикалык мамилелерден тышкары суу жана транс чек аралык дарыяларды
пайдалануу жаатында кызматташууну өнүктүрүү маанилүү экени айтылды. Сүйлөшүү
учурунда Касым-Жомарт Токаев туризм тармагына токтолду. Өз кезегинде Ма Синжуй Казакстандын
президенти менен КЭР төрагасынын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген
макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Касым-Жомарт
Токаевдин Шинжаңга сапарын тарыхый окуя катары баалап, автономиялуу облустун
жетекчилиги Казакстан менен өз ара кызматташууну кеңейтүүгө жана туруктуу
мамилени сактоого кызыктар экенин билдирди.
Ма Синжуй, Шинжаң-Уйгур
автономиялык району партиялык комитенинин катчысы:
- Биз айыл чарба, чек ара соодасы
жана энергетика тармагына басым жасап, соода-экономикалык кызматташтыкты мындан
ары да чыңдайбыз. Ошону менен бирге, илимий уюмдардын, жогорку окуу жайларынын
жана ишканалардын ортосундагы байланыштарды жолго коёбуз. Биз Казакстанга же
Шинжаң аймагында инвестиция салууга жана бизнес ачууну көздөгөн биргелешкен
ишканаларды кубаттайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков