Эми Пржевальский жылкыларынын жашоосун табигый
чөйрөсүндө байкоого болот. Кызыккандар мындай мүмкүнчүлүктү Казакстандагы
атайын туристтик каттам аркылуу пайдалана алышат. Экология жана жаратылыш
ресурстары министрлигинин өкүлдөрү бул жумуш тез эмес, даярдык белгилүү бир
убакытты талап кылат дешет. Жакында жапайы жылкыларды республикага кайтаруу
боюнча долбоордун алкагында жаныбарлардын кезектеги партиясы алынып келинди. Алар
Чехиядан жана Венгриядан аскердик учактар менен жеткирилди.
Жансая Темиржан, Экология жана
табигый ресурстар министрлигинин комитет жетекчисинин башкы серепчиси:
- Жети жылкы алып келинди. Алардын жашы 2ден 4 жашка чейин. Азыр
керкуландардын абалы жакшы. Аларды «Алтын талаа» резерватынын аймагына чыгардык.
Өткөн жылы кулжа айынын 4дө алып келинген жылкылардын биринчи тобун талаага
алып чыктык. Алардын кыймылын байкоо үчүн эки бээге GPS – аппараты орнотулду. Жыл
бою жылкылардын абалы жакшы болду. Алар Торгай талаасында биринчи кыштан аман чыкты.
Керкуландардын биринчи партиясын алып келүү долбоордун
маанилүү учуру болду. Азыр жаныбарлар айлана-чөйрөгө ийгиликтүү ыңгайлашты.
Алардын абалын бир жыл бою реинтродукция борборунун адистери жана ветеринарлар
көзөмөлдөп турушту. Долбоор үчүн Костанай облусундагы "Алтын талаа"
резерваты кокусунан тандалган эмес. Бул жерде ыңгайлуу шарттар бар.
Сергей Скляренко, казакстандык
био ар түрдүүлүктү сактоо бирикмесинин колдонмо биология борборунун мүдүрү:
- Жылкылар жем-чөп менен көркүнө
чыгат. Сарай чоң. Жылкылардын саны жетиштүү. Айрыкча суук мезгилде чөптүн
кошумча жеткиликтүү кору бар. Бул ар кандай жергиликтүү чөптөр. Мындан тышкары,
витамин кошулмалары, тамыр жашылчалары берилет. Чех жаныбарлар багынын сунушу
боюнча рацион илимий түрдө текшерилген. Калориялуу, керектүү витаминдерге жана
миркроэлементтерге бай.
Беш жыл ичинде Казакстанга 40 пржевальский жылкысы алынып келинет. Окумуштуулар бул өлкөдө туруктуу жаныбарларды көбөйтүү үчүн жетиштүү деп ырасташат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

