Быйыл Казакстан үчүн
өзүнүн дүйнөлүк беделин далилдеген жана бекемдеген жыл болот. 2024-жылы өлкө
аймактык жана эл аралык деңгээлдеги бир катар таасирдүү уюмдарга төрагалык
кылат. Бул реалдуу жагдайлар менен сыналган тышкы саясатка болгон ишенимдин
белгиси дешет адистер. Алардын айтымында, дүйнөдө жайылып бара жаткан каатчылык
кезинде эл аралык мамилелерди жөнгө салуу абдан чоң жоопкерчилик. Быйыл өлкө
бүткүл дүйнө көз салып турган кеңешмелердин борборуна айланат. Казакстан
адаттагыдай эле, улуттук кызыкчылык менен бирге бүтүндөй аймактын
жыргалчылыгына таянат. Бул тууралуу мамлекет башчысы жакында «Эгемен Казакстан»
гезитине берген маегинде билдирди.
Ризат Тасым, саясат
таануучу, коомдук процесстерди изилдөө борборунун башчысы:
- Казакстандын эң маанилүү
багыттарын аныктоого болот. Биринчиси, ар кандай эл аралык уюмдарды бириктирүү
жана координациялоо. Буга мисал катары Жамааттык коопсуздук уюмунун БУУнун
структуралары менен интеграциясы, Шанхай кызматташтык уюмун жаңы багытка, башкача
айтканда, энергетикалык коопсуздук маселесине айлантып, Шанхай кызматташтык
уюмунун жаңы өнүгүү концепциясын кабыл алуу. Түрк мамлекеттеринин интеграциясын
мындан ары өнүктүрүү. Казакстан төрагалык кылган мезгилде көңүл буруп жаткан
экинчи маанилүү багыттардын бири – инклюзивдүү багыттарды өнүктүрүү.
Казакстан тышкы
экономикалык байланыштарды жакшыртууга басым жасайт. Ошол эле учурда Борбордук
Азиянын логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө артыкчылык берилет. Ушундай
эле максат — Азия менен Европаны байланыштырып, өз ара соода алмашуунун жана
кызматташтыктын дараметин жогорулатууга да коюлган.
Ризат Тасым, саясат
таануучу, коомдук процесстерди изилдөө борборунун башчысы:
- Мурда Казакстан түндүк
логистикалык каттамдарга артыкчылык берип келсе, азыр орто логистикалык
каттамдарды жана Түштүк-Чыгыш Азияга чыгуу жолдорун, ошондой эле, орто Каспий
соода жолун өнүктүрүү жана инфраструктураны жаңылоону караштырууда. Ошондуктан,
бул маекте айтылган азыркы орчундуу маселе, Казакстан Орусия жана Кытай менен
ири долбоорлорго даяр.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков