Мамлекет башчысы экология жана жаратылыш ресурстары министрин кабыл алды

Мамлекет башчысы экология жана жаратылыш ресурстары министрин кабыл алды

Жыйынтыгында үчтөн бир бөлүгү оңдоого жана модернизациялоого муктаж экени аныкталды. Өлкөнүн экология жана жаратылыш ресурстары министри мамлекет башчыга гидрометеорологиялык абал жана суу ташкынына даярдык боюнча отчет берди. Зулфия Сулейменова жакында Абай жана Чыгыш Казакстан облустарынын сезонго даярдыгы текшерилерин билдирди. Касым-Жомарт Токаев жазгы суу ташкындарына каршы күрөшүүдө борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын биргелешип иш алып баруусу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле жыл аягына чейин бардык гидротехникалык курулуштарды документтештирип, инвентаризациялоону бүтүрүү зарылдыгын айтты.

Зулфия Сулейменова, экология жана жаратылыш ресурстары министри:

- Мамлекет башчынын бүгүнкү кабыл алуусунда мен өлкөдөгү гидрометеорологиялык абал боюнча тиешелүү маалымат бердим. Республикалык гидротехникалык курулуштардын суу ташкын мезгилине даярдыгы тууралуу маалымдадым. Ошондой эле, министрликтин 2023-жылга карата пландары тууралуу да бөлүштүм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков