Кытайдын Сиань шаарында 13-Глобалдык медиафорум болуп өттү

Кытайдын Сиань шаарында 13-Глобалдык медиафорум болуп өттү

Кытайдын Сиань шаарында 13-Глобалдык медиафорум болуп өттү. Ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген дипломаттар, эл аралык уюмдардын жетекчилери, алдыңкы ЖМК жана медиакомпаниялардын өкүлдөрү катышты. Делегаттардын арасында өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде Казакстан Республикасынын Президентинин Tелерадиокомплексинин Jibek Joly/Silk Way телеканалынын башкаруучу мүдүрү Еркежан Кунтуган да бар. Иш-чаранын алкагында Глобалдык Түштүктүн ЖМК медиа өнөктөштүк механизминин катышуучуларынын жолугушуусу болуп өттү. Бул массалык маалымат каражаттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы платформасы. Ал практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө, биргелешкен долбоорлорго көмөктөшүүгө, контент алмашууга жана өз ара үйрөнүүгө багытталган. Натыйжада диалогду бекемдөө жана глобалдык коммуникациялардын тең укуктуу, көп уюлдуу архитектурасын түзүү күтүлүүдө. Катышуучулар жалпы консенсуска келишти – программаларды биргелешип өндүрүүгө гана эмес, трансляциялоого да макулдашышты. Ал эми сапаттуу контент алмашуу үчүн Global South Media Nexus платформасы сунушталууда. Мындан тышкары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жасалма интеллект технологияларын колдонууга өзгөчө көңүл бурушат. Бул Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн ЖМК технологиялык дараметин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков