Президент Жетису облусунун акими Бейбит Исабаевди кабыл алды

Президент Жетису облусунун акими Бейбит Исабаевди кабыл алды

Жетису облусуна 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 178 миллиард теңге инвестиция тартылды. Мындан тышкары, аймакта 2025-2027-жылдарга карата 2,5 триллиондон ашык суммага 128 долбоордон турган инвестициялык портфель түзүлдү. Облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы пландар тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевге аким Бейбит Исабаев маалымат берди. Анын айтымында, аймакта тоо-кен байытуучу комбинат, "Казакстан-Кытай эл аралык өнөр жай шаары" индустриалдык паркы, шамал электр станцияларын чыгаруучу завод жана эл аралык жүк-жүргүнчүлөр аэропортун куруу пландаштырылган.


Бейбит Исабаев, Жетису облусунун акими:


- Мамлекет башчысы чек арага жакын райондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү тездетүүгө, аймактагы ири инфраструктуралык долбоорлорду аяктоого өзгөчө көңүл бурду. Атап айтканда, Жетисуу облусунда туризм тармагын өнүктүрүү зарылдыгы баса белгиленди. Бул тармактагы милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Которгон: Назира Бегалиева