7 айда Маңгыстау облусунун негизги капиталына багытталган инвестициянын
көлөмү 523 миллиард теңгени түздү. Бул аралыкта облуста жалпы баасы 5 миллиард
теңгеден ашык 6 инвестициялык долбоор ишке киргизилген. Облус акими Нурлан
Ногаев Касым-Жомарт Токаевге облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн
жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Айрыкча облуста тузсузданган суунун көлөмүн
көбөйтүү долбоорлору этап-этабы менен ишке ашырылууда. 2025-жылга чейин анын
көлөмү 146 миң куб метрди түзөрү күтүлүүдө. Президентке ошондой эле Актау
шаарынын турак жай-коммуналдык чарбасын жакшыртуу, МАЭК ишканасын капиталдык
оңдоодон өткөрүү көйгөйлөрү тууралуу маалымат берилди. Жыйындын соңунда
мамлекет башчысы облустун акимине Маңгыстау облусунун энергетика системасынын
үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууну жана облустун социалдык-экономикалык
өнүгүүсүнүн комплекстүү планынын алкагындагы милдеттерди ишке ашырууну
тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков