Казакстан президенти Түркестандын өзгөчө макамы тууралуу мыйзамга кол койду

Казакстан президенти Түркестандын өзгөчө макамы тууралуу мыйзамга кол койду

Бүгүн мамлекет башчысы «Түркестан шаарынын өзгөчө макамы тууралуу» мыйзамга кол койду. Документ Кожа Ахмед Ясауинин күмбөзүн коргоого жана ыйык шаардагы археологиялык илимий-калыбына келтирүү иштерин жөнгө салууга багытталган. Мындан тышкары, мыйзам менен  тарыхый мурастарды коргоо аймагында бийиктиги менен архитектурасы дал келбеген имараттарды курбоо бекитилди. Түркестандыктар менен туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана шаардын бирдиктүү көрүнүшүн сактоо көздөлүүдө. Мунун баарын натыйжалуу башкаруу жана көзөмөлдөө үчүн акимиаттын жана Маслихаттын ыйгарым укуктары кеңейтилет. Мисалы, соңкулары шаар курууда архитектуралык өзгөчөлүгүн сактоо үчүн долбоордук кодду киргизүүгө укук алышты. Ал эми акимчилик ыйык жайдын тарыхый-маданий мурастарын сактоого жана кол өнөрчүлөрдү колдоого көңүл бурат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков