Депутаттар аскерий парадка катышуучулардын Астанадагы талаа лагерине барды

Депутаттар аскерий парадка катышуучулардын Астанадагы талаа лагерине барды

Парламент Мажилисинин депутаттары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик параддын катышуучуларынын Астанадагы талаа лагерине барышты. Иш-чарага даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Параддык эсеп топтордун командирлери жана аскер кызматчылары менен жолугушту. Курсанттардын социалдык абалын, парадга катышкан Куралдуу Күчтөрдүн түрүн жана аскердик кийимдердин үлгүлөрүн көрдү. Талаа лагери 5 миң кишиге ылайыкталган. Бул жерде 200дөн ашык чатыр тигилген. 7 мончо комплекси, оорукана жана автопарк бар.

Айдос Сырым, Парламент мажилисинин депутаты:

- Аскерлер келип жатышат, аскер бөлүмдөр кезек-кезеги менен жайгашууда. Техниканы терип, кайрадан чогултуп, бардык машыгууларды эми гана өткөрүп жатат.

Максим Рожин, Парламент мажилисинин депутаты:

- Абройлуу жумуш. Аскерлер жоопкерчилик менен мамиле кылганын көрүп жатабыз.  Алдыда дагы бир ай убакыт бар. Азырынча даярдык жакшы.

Белгилей кетсек, майрамдык парадга 300дөн ашык аскер жана атайын техника тартылат. Анын ичинде согуш талаасында салгылашкан тарыхый үлгүлөр да болот. Парадда ар кандай типтеги 66 учуучу аппарат абага көтөрүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков