Бул ардактуу коноктун Казакстанга жасаган алгачкы расмий иш-сапары. Мамлекет башчынын айтымында, мындай аракет эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты, анын ичинде транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоонун келечегине басым жасалды. Президент чехиялык инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Өз кезегинде Петр Фиала Чехиянын өлкө менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүү ниетин ырастады. Тараптардын сүйлөшүүлөрү Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелердин эң маанилүү түркүктөрүнүн бири болуп саналат. Ошол эле учурда мамлекет башчысы Чехиянын президенттигине шайланган Петр Павелге куттуктоосун жолдоду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Алдыдагы убакытта мен президент Петр Павелди Казакстанга мамлекеттик сапар менен кабыл алам деп ойлойм. Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айында эки тарап тең маанилүү датаны, эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн отуз жылдыгын белгиледи. Казакстан менен Чехия өлкөлөрүнүн ортосунда көптөгөн келечектер бар. Ал эми республикалар ортосундагы кызматташтыкка Чехиянын бизнес өкүлдөрү, ошондой эле эки мамлекеттин аталган тармакты өнүктүрүүчү бизнес өкүлдөрү Казакстанга ишеним арта алышат. Себеби, биздин өлкө чехиялык ишкерлерге мүмкүн болушунча колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков