Казакстан менен Өзбекстан чек арасында 100 млн долларлык долбоорлор ишке кирет

Казакстан менен Өзбекстан чек арасында 100 млн долларлык долбоорлор ишке кирет

«Борбор Азия» эл аралык өнөр жай кооперация борборунун аймагында төрт долбоорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Алардын баасы 100 миллион долларга бааланууда. Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан регионалдык индустриалдык аймакта тамак-аш, жеңил өнөр жай, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү ишканалары ачылат. Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, курулуш иштери келерки жылдын аягында аякталат деп күтүлүүдө. Борбордун жалпы аянты 100 гектарды түзөт, анын жарымы-Казакстан бөлүгү, экинчиси – Өзбекстан бөлүгү болуп саналат. Курулуп жаткан объекттин инфраструктурасы бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен салынат. Серепчилер белгилегендей, борбордун ачылышы өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатат.

Канат Шонбасов, Түркестан облусунун ишкердик жана өнөржай башкармаcынын орун басары:

- Казакстан тараптан сынакты Түркестан облусу өткөрүп, анын жыйынтыгы менен инвестор аныкталды. Ал өз каражатын жумшап, 51 миллиард теңге инвестиция салат. Ал бардык инфраструктураны өз каражатына курат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков