Касым-Жомарт Токаев Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Королу Карл III кө энеси ханыша Елизавета IIнин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Мамлекет башчысы Казакстан элинин жана жеке өзүнүн атынан падышанын үй-бүлөсүнө жана жалпы британ элине көңүл айтты. Президент өлкөнү 70 жыл башкарган ханыша Елизавета II британ элинин биримдигинин жана чечкиндүүлүгүнүн символу болгон көрүнүктүү лидер болгонун белгилеп өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков