«Коронавируска каршы вакцина алгандар космосто радио сигналдарды ала алышат. Анын үстүнө, вакцинада вирус жуктургандан тышкары, адамдын бардык кыймыл-аракетин көзөмөлдөгөн чип бар». Илдетке каршы сайылып жаткан вакцина жөнүндө акылга сыйгыс жалган маалыматтар мына ушундай жана алар коомчулук арасында желдей тездик менен жайылтылып жатат. Алардын эч кандай илимий далилдери жок. Ошентсе да, ушак-айыңдар адамдарды козутуп, тез тароодо. Жыл башынан бери Казакстанда эмдөө тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн 7 кылмыш иши козголгон. Адистердин айтымында, мындай чагымчылдар вирус менен күрөшүүдө чоң тоскоол болушу мүмкүн.
Нурбол Тасмагамбетов, РКнын Тергөө департаментинин эң маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү:
- 7 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча жаза каралган. Мындай фактыларды табуу үчүн укук коргоо органдары жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет булактарын тынымсыз көзөмөлдөп турушат. Жалган маалымат таратуу жагдайларына жана анын кесепеттерине жараша жаза түрү ар кандай болуп өзгөрүлүп турат.
Ошондой эле, Интернеттин казакстандык сегменти вакцина менен ПЧР-тестинин жалган сертификатын сатуу жана сатып алуу тууралуу сунуштарга толгон. Жасалмалоо фактысы боюнча 25 кылмыш иши козголуп, жалган вакцинациялоо паспорту жок кылынган. Мындай мыйзам бузууларды ачыкка чыгаруу иштери күнү-түнү жүргүзүлүп жатат. Ал эми айып пул сатуучуга гана эмес, алуучуга дагы бирдей каралган.
Жалган документ жасаганы үчүн кылмыш жоопкерчилиги төрт жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө, ал эми аны колдонгондугу үчүн 40 суткага чейин камакка алуу каралган. Муну менен катар, документтерди жасайбыз деп алдамчылыктын курмандыгы болуп калышыңыз мүмкүн.
Буга кошумча, кылмыш жасаганы үчүн 6 миллион теңгеге жакын айып пул салынат. Же болбосо түзөтүү жумуштары менен жазаланат. Ошондуктан мындай кадамга баруудан мурун укук коргоо органдары жалган документтерди албоого жана жалган маалыматтарды таратпоого, кылмыш ишине кийлигишпөөгө чакырат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков