Европа сахнасын багындырган казакстандык

Европа балет стилин Казакстанга алып келүү – башкы максаты. Бүгүн Дания Королдук театрынын балет артисти Мейрамбек Назаргожаев казак бий өнөрүн жайылткысы келерин айтат. Алматыдагы хореографиялык окуу жайын бүтүрүп, андан кийин Москвада иштеп, Европа сахналарында өнөр көрсөттү. Ушул тапта казакстандык өнөр ээси Данияда билимин жана чеберчилигин жогорулатууда. Анын максаты - топтогон тажрыйбасын жаштарга үйрөтүү. Казак балети кеңири белгилүү. Деген менен Европа мектебинин да үйрөнө турган жактары көп экенин айтат. Буга кошумча, мекенге кайткан кезде балетмейстер болуп кызмат кылсам деген арманын жашырган жок.

Мейрамбек Назаргожаев, Дания Королдук театрынын балет артиси:

- Албетте, өзүмдүн келечегимди Казакстан менен байланыштырам. Себеби, бул жерден алган тажрыйбамды Казакстанга келип, жаш бүтүрүүчүлөр менен бөлүшсөм деген тилегим бар. Анткени мында жүргөн кезде, эмгектенген кезде көптөгөн биринчи класстагы дүйнөгө таанымал хореографтар менен иштешем. Анын сыңарындай өзүмдүн да чоң чыгармамды сахнага, Казакстандын сахнасына алып чыгуу максатым бар.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков