Белгилүү казакстандык тележурналист Бейсен Куранбек атындагы «Жигер» сыйлыгына документтерди кабыл алуу уланууда. Тандоо ушул жылдын баш оона айынын 20да башталган жана ал аяк оона айынын 20на чейин созулат. Уюштуруучулардын айтымында, өткөн жылы сынак 4 бирдей номинация боюнча жеңүүчүлөрдү сыйласа, быйыл талапкерлер бир гана телесюжет боюнча номинацияга ат салышат.
Бибигүл Куламан, уюштуруучу:
- Бул жылы жаңылык катары - биз номинацияларды өзгөрттүк. 2020-жылы 4 номинация болсо, быйыл биз бир гана номинацияны калтырдык. Бул «Социалдык тематикадагы эң мыкты телепрограмма» номинациясы. Номинацияда биз жеңүүчүлөрдү - биринчи, экинчи жана үчүнчү орун боюнча аныктайбыз. Калыстар тобуна Бейсен Куранбектин достору жана кесиптештери кирди. Аталган калыстар тобу жеңүүчүнү аяк оона айынын 27си күнү аныктайт.
Белгилей кетсек, сыйлык тапшыруу аземи «Astana Media Week» жумалыгы алкагында өтөт. Быйыл да алар акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.