Жаңы салык кодексинин иши колго алынды

Жаңы салык кодексинин иши колго алынды

Мажилис жаңы салык кодексинин долбоорун колго алды. Эске сала кетсек, мамлекет башчы анын бардык беренелерин сапаттуу даярдоо үчүн кабыл алууну 2025-жылга жылдырууну тапшырган. Ал эми кодексте алардын 822си бар. Алар, атап айтканда, салыктардын жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдүн санын кыскартууну, атайын салык режимдерин жөнөкөйлөтүүнү, салык жеңилдиктерин берүүгө мониторинг жана талдоо жүргүзүү боюнча мамилелерди кайра карап чыгууну, ошондой эле салыктык башкарууну өркүндөтүү чараларын караштырат.

Татьяна Савельева, Парламент мажилисинин депутаты:

- Тиешелүү мыйзам долбоору мыйзамдарды жаңы салык кодексинин долбооруна ылайык келтирүү зарылдыгына байланыштуу иштелип чыккан. Ошондой эле Казакстан Республикасынын үч кодекси менен 19 мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү карайт.

Казакстанда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо чаралары күчөтүлөт

Ошол эле учурда Казакстан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүүнү көздөп жатат. Тактап айтканда, акыйкатчы институтун түзүү аркылуу. Тиешелүү мыйзамдын жаңы редакциядагы долбоору түзөтүүлөр менен бирге биринчи окууда жактырылды. Жаңычылдыктар электрондук соода аянтчаларында керектөө рыногунун коопсуздугун камсыз кылууга тиешелүү болот. Парламентарийлер муну стационардык объектилерге – дүкөндөргө, соода борборлоруна теңөө жолу менен жасоону сунуштап жатышат.  Мындай кадам менен онлайн бизнес өкүлдөрүн административдик жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк берет.

Арман Шакалиев, соода жана интеграция министри:

- Тиешелүү мыйзам долбоорунда аны негизги мыйзам долбооруна ылайык келтирүү максатында эки: Жарандык жана Жарандык процессуалдык  кодекске, ошондой эле транспорт, туризм, соода ишин жөнгө салуу, жеткиликтүү маалымат, табигый монополиялар жөнүндө беш мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Мыйзам долбоорлору бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде Башкы прокуратура жана Жогорку сот менен макулдашылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков