Өкмөт башчы Павлодар облусундагы «Бозшакөл» жез кенинин иши менен таанышты

Өкмөт башчы Павлодар облусундагы «Бозшакөл» жез кенинин иши менен таанышты

Казакстандын жези Кытай, Түркия, Өзбекстан жана Бельгияга жөнөтүлөт. Бул өлкөдөгү «Бозшакөл» жез кенинин экспорттук потенциалы гана. Премьер-министр Павлодар облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында өндүрүштүн технологиялык процесстери менен таанышты. Жез менен катар ишкана алтын, күмүш жана цинк өндүрөт. Завод жылына 30 миллион тоннага жакын руданы кайра иштетет. Өндүрүш аянттарында заманбап технологияларды, анын ичинде жасалма интеллект системаларын өнүктүрүүнү киргизүү башталды. 3 D-машыктыруучу карьер системалары жана дрондор колдонулат.

Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын  премьер-министри:

- Кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана жогорку деңгээлде иштетилген товарларды өндүрүүнү көбөйтүү зарыл. Салык кодекси мындай товарды өндүргөндөргө салыкты азыраак төлөө үчүн кошумча жеңилдиктерди берет. Мунун баары өндүрүш тармагын стимулдаштыруу үчүн жасалып жаткан кадамдар. Башкача айтканда, каражат биздин өлкөдө калат. Азыр көптөгөн өлкөлөр казакстандык чийки затты кайра иштетүүнү өнүктүрүп жатышат.

Которгон: Сезим Шейшеналиева