2024-жыл
Казакстан үчүн өзгөчө
жыл болот. Анткени бул учур өлкөнүн алдыдагы 5 жылдагы өнүгүшүнө
негиз болот. Ошону менен катар, ушу жылы бир нече таасирдүү аймактык жана эл
аралык уюмдар менен бирикмелерге Казакстан төрагалык кылат. Маселен, борбор
калаада бугу айында «Эл аралык Астана Форуму» өтөт. Жыйынга дүйнөнүн көптөгөн
көч башчысы менен глобалдык деңгээлдеги компаниялардын жекекчилери катышат деп
күтүлүүдө. Анда климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк жетишсиздиги жана энергетикалык
коопсуздук сыяктуу бардык элдерге орток маселелер талкууланып, негизги көңүлгө
алынат. Казакстан чет элдик өнөктөштөр жана коңшулар менен өз ара пайдалуу,
прагматикалык кызматташтыкты кандай өнүктүрүп жатканы тууралуу мамлекет башчысы
Касым-Жомарт Токаев «Egemen Qazaqstan» гезитине берген маегинде айтты.
Қасым-Жомарт Токаев, Қазакстан Республикасынын Президенти:
Биз мамлекеттин улуттук
кызыкчылыктарын эске алуу менен конструктивдүү жана тең салмактуу тышкы
саясатты уланта беребиз.
2024-жылы өлкөбүздө бир катар өкүлчүлүктүү саммиттер жана форумдар өтөт.
Казакстан бир эле учурда бир нече беделдүү эл аралык уюмга төрагалык кылат. Алар Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим
уюму, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме, Түрк
мамлекеттер уюму, Аралды сактоо эл аралык фонду, Ислам Азык-түлүк коопсуздугу
боюнча уюм.
Президент маегинде аймактык кызматташтыктын маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи. Бүгүнкү күндө динамикалуу түрдө өнүгүп жаткан Борбордук Азия соода, инвестиция, бизнес, инновация үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр аянтына айланган. Муну бардык дүйнө эли тааныйт. Ошондуктан да бул аймакка тышкы жетекчи оюнчулардын кызыгуучулугу артып келет. Мында «С+5» үлгүсү маанилүү диалог аянты деп таанылды. Казакстан коңшу өлкөлөр менен саясий диалог жана стратегиялык кызматташтык алкагын ургалдуу түрдө өнүктүрүүдө. Бул жаатта Орусияны белгилеп кетүү керек. Тараптар көп жактуу структура алкагында, ошондой эле, аймактык туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылуу багытында кызматташтык орноткон. Чыгыштагы коңшу мамлекет менен кызматташуунун “алтын отуз жылдыгы” өткөн жылы башталган. Мамлекет башчысы казак-кытай мамилелерин үлгүлүү деп атады. Ал эми өз ара соода жүгүртүү өткөн жылы болуп көрбөгөндөй өсүштү көрсөттү.
Қасым-Жомарт Токаев, Қазакстан Республикасынын Президенти:
Азыр Кытай – жогорку деңгээлде өнүккөн мамлекет, анын ичинде жогорку
технологиялар тармагында. Муну бүт дүйнө тааныйт. Ошондуктан Казакстан үчүн чыгыштагы
коңшубуз менен кызматташуу жана мындай достук мамилелердин, өз ара ишенимдин
бардык артыкчылыктарын натыйжалуу пайдалануу өтө маанилүү.