Казакстандыктар тогуздун айынын 25де эгемендүүлүк декларациясынын 35 жылдыгын белгилешет. Бул документ өлкөнүн эл аралык мамилелердеги көз карандысыздыгынын кепили болгон. Саясат таануучу Жеңишбек Төлен ал Казакстандын ички мыйзамдарын орнотуу менен катар эл аралык коомчулуктагы багытын да аныктап бергенин айтат. Ошентип, декларация дүйнөдө жаңы Көз карандысыз Казакстан Республикасынын калыптанышына негиз салды. 17 беренеден турган документте өлкөнүн саясий жана укуктук негиздери бекитилген.
Жеңисбек Төлен, Саясат таануучу:
- Декларация Казакстандын эл аралык коомчулуктар тарабынан таанылышынын, моюнга алынышынын бирден-бир негизги кепили деп айтууга болот. Казакстан 12 орто державанын катарына кирип отурат. Эл аралык коомчулукка дүйнөдө тынчтыкты сүйгөн, нейтралдуу саясатты кармануу аркылуу бардык өлкөлөр менен достук мамиле түзүп, өзүнүн позициясын орнотту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

