Казакстандын президенти шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаянды Бириккен Араб Эмираттарынын Улуттук күнү менен куттуктады. Касым-Жомарт Токаев телеграммасында экономикасы динамикалуу өнүгүп жаткан жана эл аралык коомчулукта кадыр-баркы жогору өлкө экенин белгиледи. Мамлекет башчысы БАЭни Казакстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин ырастады. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев кесиптеши Тхонг-луна Сису-Литаны Лаостун эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Казакстандын президенти мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, элдин жыргалчылыгын жогорулатууда аталган мамлекеттин олуттуу ийгиликтерин белгилеп, эки тараптуу мамилелердин ырааттуу өнүгүшүнө ишенимин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

